Menu

Жумашалиев “өллө” иштеп жатат дейт…

Бөлүшүү:

Республикалык патрулдук милициясына башчы болуп барган Каныбек Жумашалиев деген байкебиз аябай катуу иштеп жатат дейт. Буту-бутуна тийбей чуркап, ДТПнын санын азайтам деп чапкылап жүргөн кези. Чарчаганынан кечинде бутун тарталбай үйүнө барып, жеңебиздин чайын ичкенге да убактысы болбой тырп уктап калып жаткан экен. Кайран киши, өтө эле эмгекчил-мээнеткеч неме да.

Транспорт милициясын жетектеп турганда да жөн отура албай имараттын ичи-тышын иретке келтирип, ремонт жасатып жиберчү эле. Негизинен Каныбек мырза жогорудагы аталган кызматка туура эле баргансыды. Илибой жерде өз ишин билген адис иштеген жакшы натыйжа берет эмеспи. Ийгилик каалайбыз.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: