Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев түркмөнстандык кесиптеши Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу менен 17-сентябрда Ашхабадга барат. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашууда.
Маалыматка караганда, Мирзиёев Түркмөнстан борборунда Уруш искусстволору боюнча жабык имараттарда өтүүчү V Азия оюндарынын ачылуу аземине катышат.
Андан тышкары сапардын жүрүшүндө Өзбекстан президенти башка бир катар өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
V Азия оюндары 17-27-сентябрь күндөрү өтөт. Жергиликтүү ММКлардын кабарлашынча, Өзбекстандын атынан мелдештерге 189 спортчу катышат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ