Menu

БШК алдыдагы шайлоону оперативдүү чагылдыруу үчүн ЕККУдан видеожабдууларды алды

Бөлүшүү:

Кечээ, 14-сентябрда   КР Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык бөлүмүнө  Европа коопсуздук боюнча кызматташуу уюму (ЕККУ)  тарабынан берилген видео-аппаратураларды  салтанаттуу тапшыруу болду. Бул туурасында КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.

“Кыргыз Республикасында шайлоо системасын жакшыртууга  жардам” долбоорунун алкагында ЕККУ Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эл арасында маалымдоо иштеринин деңгээлин жогорулатуу  боюнча  атайын видеожабдууларды  тапшырды.

ЕККУнун долбоору шайлоо системасын жакшыртууда эксперттик жана техникалык  жактан шайлоону таза жана акыйкат өткөрүү боюнча жана шайлоочулардын укугун сактоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул жабдууларды алуу менен  видео жана аудио материалдарды   оперативдүү даярдап, жалпыга маалымдоо каражаттарына берүү жана онлайн-отурумдарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк ачылды. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: