Menu

АКШ Кытай менен Орусияны Түндүк Кореяга чара көрүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Мындай чакырык Пхеньян баллистикалык ракетасын экинчи ирет Жапониянын үстүнөн учурган соң жасалды. Окуя бүгүн болду. Мындан улам Кошмо Штаттар Кытай менен Орусияны Түндүк Кореяга каршы “тикелей чара” көрүүгө чакырууда.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун билдирүүсүндө “Кытай Түндүк Кореяга керек мунайдын көбүн берет, Орусия Түндүк Корея жумушчуларынын эң ири иш берүүчүсү. Кытай менен Орусия бул жоопкерчиликсиз ракета атуулар менен келише албай турганын көрсөтүп, тикелей чара көрүшү керек”, – деп айтылат.

Пхеньяндын соңку ракета атуусуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул отурумга чогулганы жатат. Атылган ракета Жапониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралы үстүнөн учуп, Тынч океанга кулаган.

Пхеньян Жапониянын Хоккайдо аралынын үстүнөн ракетасын буга чейин 29-августта да учурган болчу.

Анын артынан суутек бомбасын сынаганына байланыштуу апта башында БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга санкцияларды мурдагыдан катаалданткан эле. Пхеньян болсо Коопсуздук кеңештин чечимин четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: