Menu

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Сузак районунун жогорку зонасындагы Курманбек жана Көк-Арт айыл аймактарынын айылдарын кыдырып, эл менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-сентябрда КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев атайын иш сапары менен Сузак районунун тоо зонасына кирген Курманбек жана Көк-Арт айыл аймактарынын бир катар айылдарын кыдырып, социалдык обьектилер менен таанышып, элдин суроо-талаптарын укту. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Облус жетекчисинин кыдыруусун  Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев, облустук бир катар тармактардын жана мекеме-уюмдардын жетекчилери коштоп жүрүштү.

Курманбек айыл аймагына караштуу Канжыга айылынын жашоочулары облус жана район жетекчилеринен П. Ташматов атындагы орто мектептин курулушун тездетип берүү өтүнүчтөрүн ортого салышты. Курулушу көп жылдардан бери жүргүзүлбөй  калган мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 3 млн. сом  ажыратылып, үстү толугу менен жабылган. Азыр дагы 8 млн. сом бөлүнсө мектептин окуу корпусу менен от жылыткычы бүткөрүлүп, ишке берүүгө даяр болот. Бул мектептин курулушу боюнча  Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев 2018-жылдын 1-сентябрына карат бүткөрүү аракетин көрүшөөрүн Канжыга айылынын жашоочуларына ишендирип кетти. Жергиликтүү тургундар 900дөн ашуун калк жашаган Канжыга айылына электр мамыларын орнотуу, жол менен көпүрөнү оңдоо өтүнүчтөрүн дагы ортого салып кетишти.

Калмак-Кырчын айылындагы Ак-Кыя көпүрөсү быйылкы жаздагы суунун көп киргендигинен улам, бир тарабы кыйшайып калган. Бул көпүрө аркылуу Сузак районунун 4 айыл аймагынын эли малын жайлоого айдап чыгышат жана 119 га. аянтка күн карама эгилет. Курманбек айыл аймагынын башчысы Дайырбек Бакиров жайыт комитетинен 1 млн. 800 миң сом акча табылып жаткандыгын жана жергиликтүү тургундардын колдоосу менен көпүрөнү ондоо аракеттери жасалаарын билдирди. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жетекчилиги цемент менен арматурадан жардам берүүгө убадасын берди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Жоон-Күңгөй айылындагы №107 К. Тайгараев атындагы башталгыч мектептин азыркы абалын көргөн соң, 2018-жылга карата мектептин жаңы имаратын курууга облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын адистерине тапшырма берди жана өзү дагы фондусунан жардам көрсөтөөрүн жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууда айтты.

— XXI кылымда мындай мектепте окууга болбойт. Кыргызстандын республикалык бюджетинин төрттөн бир бөлүгү мектептерди курууга жумшалып жатат. Келерки жылы бул мектептин курулушун өзүм жеке көзөмөлүмө аламын,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Таран-Базар айылында Москвада иштеген жаштардын демилгеси менен жабык стадиондун курулушу кызуу жүргүзүлүп жатат. Жергиликтүү жашоочулар жана Курманбек айыл аймагынин жетекчилиги спорт залдын курулушуна колдоо көрсөтүп келе жатышат. Спорт залдын курулуш иштерин көздөн кечирген өкүл Кыянбек Сатыбалдиев өздүк фондунан аны бүткөрүүгө колдоо көрсөтөөрүн билдирип кетти.

Курманбек айыл аймагындагы Кара-Чолок айылындагы №54 Ысмайыл атындагы негизги билим берүүчү мектептин имараты аябай эскирген. Айыл өкмөтүнүн колдоосу, демөөрчүлөр жана элдин жардамы аркасында мектептин жаңы имараты жана спорт залдары бүткөрүлгөн. Быйылкы жылы облус жетекчиси тарабынан бул мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 5 млн. сом каражат бөлдүрүлдү. Албетте, мектепти толук бүткөрүүгө бул каражат жетишсиз. Ошондуктан келерки жылдын планына бул мектептин курулушу кире тургандыгын облус жана район жетекчилиги  жергиликтүү тургундар жана мектептин мугалимдери менен болгон жолугушууда ойлорун ачык ортого салышты. Кара-Чолок айылынын тургундары электр мамыларын жаңылоо жана айылга жаңы трансформатор коюу өтүнүчтөрүн айтышканда “Жалал-Абадэлектро” ААКсынын директору Кеңеш Мамытканов бул маселени чечип берүүгө убадасын берди.

— Элибизде “Бала ыйлабаса эмчек жок” деген жакшы сөз бар. Кайсыл жерде аракет болсо, ал жерде сөзсүз ийгилик жаралат. Түштүк альтернативалуу Балыкчы – Жалал-Абад жолунун курулушу бүтүп калса райондо гана эмес облустубузда социалдык-экономикалык өсүштөр болоору анык. Акыркы 4 жыл ичинде 3 миң км. облустун ички жолдор асфальтталды. Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Азыр Тогуз-Торо районунун жашоочулары Түштүк альтернативалуу Балыкчы – Жалал-Абад жолунун курулушуна аябай сүйүнүп жатышат. Анын бүтүшү менен орто жана чакан ишкердүүлүк жанданаары анык,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Көк-Арт айыл аймагынын Жерге-Тал айылында болгон калк менен жолугушуусунда.

Көк-Арт айыл аймагындагы Жерге-Тал айылынын жашоочулары облус менен район башчысынан, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилеринен таза суу, айыл чарба багытындагы сугат сууларын көбөйтүү, жер көчкү коопсуздугу бар аймактагы жашоочуларды коопсуз аймсактарга көчүрүү боюнча бир катар суроолорун беришип, берилген суроолорго жеткиликтүү жоопторду алышты.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: