Menu

Ашхабадда Азия оюндары башталды

Бөлүшүү:

17-сентябрда Түркмөнстандын борборунда Уруш искусстволору боюнча жабык имараттарда өтүүчү V Азия оюндары башталды. Мелдештердин ачылуу аземи 45 миң көрүүчү сыярлык атайын курулган Olympic Stadium стадионунда өттү.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, Азия оюндарынын ачылуу аземине Армениянын, Ооганстандын, Казакстандын, Молдованын, Пакистандын, Тажикстандын, Татарстандын жана Өзбекстандын президенттери, ошондой эле Орусиянын Федерациялар кеңешинин башчысы Валентина Матвиенко катышты.

Азиаданын алкагындагы мелдештер 11 күнгө созулат. Оюндарга даярдануу — өлкөнүн акыркы кездеги башкы маселесине айланып, ага миллиарддаган доллар каражат жумшалды. Чет өлкөлүктөр үчүн жабык эсептелген Түркмөнстанга бул жолу он миңдеген туристтер келет деп күтүлүүдө.

Азия оюндарынын уюштуруучуларынын маалыматына караганда, мелдештерге 62 өлкөдөн барган 5500 спортчу катышат. Алар спорттун 21 түрү боюнча күч сынашат. Оюндардын эң жаш катышуучусу деп 13 жаштагы пакистандык Жахан Ара Наби аттуу спортчу аталды.

Түркмөнстанда жумушчу сапары менен жүргөн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 17-сентябрда Гурбангулы Бердымухамедов менен жолуккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: