Айрымдары маймайып беттеринен чымын тайгаланчудай, кыйратып иш жасап жаткандай үтүрөйгөндөрү, жүдөгөндөрү, ары жоктору… айтор 7 дубандын обл жетекчилерин Өкмөт башчысы Сапар Исаков жыйынга чакырды. “Күзгү оруп -жыюу жана кышка даярдык боюнча” маселени тикесинен койду. Ошондой эле кышында “көмүр маселесинде анын баасы, сапаты боюнча эл кыйналбашы керек” экендигин да баса белгиледи. Дурус. Бирок, бардык жоопту жыйынтык берет. Андайда натыйжалуу жооптор болуш үчүн азыркы “губернаторлордун” дээрлик көбүн көбүктөй эле үйлөп салышы керек.
Булак: “Айгай пресс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ