… «Бешиликке» чейин араң барат да, «алтылык», «жетилик»… «дама», «король», «туз» болуп кетчүү кыялдары мезгил талабына жооп бербей калгандан улам саясий салмактары сентябрдын жалбырактарындай калкып калган, учурдагы кыргыз саясатынын сахнасындагы мыкты «актерлордун» жаралуу доору кыскача мындай:
Илгери, илгери эмей эмне Акаевдин доорунда кагаз ташып жүргөн боз уландар айрыкча Бакиевдин доорунда катуу өнүгүп-өсүп кетет. (кыясы, ыгын табышкан го) Эл ичинде «Бригада» аталышып. Кудум бири-биринин канын жалашып касам ичкендерден бетер. Тим эле үч эмдердей болуп жүрүшөт. Чуть эле туалетке чейин бирге барышып. Анысына жараша кутурушат. Анан ар кандай кызматтарга отуруп калышса да, эл-жер үчүн «иштеп» атышса да, андагы статусуна карабай эл оозунда бат эле «шестеркалар», «торпедолор» болуп чыга келишет. Ошентип, сайран төр куруп жүрүшкөндө «колдогон кожосу сууга агып», үч эренибиз ошол сууга түшкөн чычкандай болуп шөмтүрөшүп, эртеңки жашоолору эмне болоору туурасында ойлонуп калышканда, дагы эле баягы саясий чайкоочулуктун айынан коогалаңдуу Түштүк окуясы чыгып, «чала жан турган» эрендерибизге жан бүтүп, кудум боевиктердей сакал-мурутун агытып кичи мекендерине кирип барышат. Бир чети ал кырдаалда «Убактылуулар» болсо тигилердей эл арасын эркин аралай алган эмес. Мындай мүмкүнчүлүк «Бригада» үчүн ошондо көзүр картадай эле болсо керек. Ай моментте элдин аларга болгон таза ишенимдерин пайдаланып өздөрүү күтпөгөн окуяга туш келишти. Коомдогу ошол кездеги окуянын толкуну аларды бийликтин, болгондо да эң бийик жагына алып келип таштады. 2010-жылдан кийинки жаңы доордо, жаңы бийликте бири ошол «жаңы системанын» биринчи спикери болсо, бири парламенттеги көпчүлүктү түзгөн курамдагы фракциясын башкарып кирди. Дагы бири өлкөдөгү сот тармагын чойгон парламенттеги чоң биркомитеттин башчысы болду. Жетинчи кабаттан орун алышкан спикер менен фракция башчысын айтпаганда да алтынчы кабаттагысынын эле кабинетинин кезек күтмөсүндө ал кездеги Жогорку соттун төрайымы Жамашева канча турбады. Бирок алардын «дагы-дагы» деген папке талашы токтободу. Анан алар бийликтин ушунчалык бийик небоскробунан же бийлик кумарынан баштары айландыбы, өкүнүчтүүсү- ушунчалык берилген бийик дөөлөттү кармана алышкан жок. Ар-жак бер жакты карабай адыраңдап үчөө үч командир болуп чыга келишип, бири-бири менен тирешип атып эле кулап түшүштү. Түшкөндө да уда-удаасы менен катуу түшүштү. Өздөүрүнө келе албай турганданбы же айтор кулап түшкөндөн көп өтпөй бириси алаасынын айрылганына чейин айтып, айтор «трио» бир топ жоруктарды да жасап жиберди. (Аларды санабай эле коелу) Ошондой шойкомдуу жүрүшүнүн айынан үчөөнүн арасынан бири эбакта эле өлкөдөн чыгып кеткен. Чыгып кетип алып да жөн жатпай сырттан интернет аркылуу улам-улам «митинг» жасап олтуруп, андагы «колдойбуз сени» деп лайк басып койгондорго ишениппи же чын эле «бар болоюн же жок болоюн» амбициясы менен, кол баштап келаткан шерден бетер дуулдаган бойдон Ала-Тоого келатып ошо дуулдаган бойдон УККнын темир торуна түшүп калды. (Ошентип, «Бригаданын» бир кездеги «коммиссары» делгени торго түшкөндөө эки эрен мелтейип туруп беришти. Калп да болсо ошол бакылдамыш этип койсо болмок беле, кыясы анткенге духтары жетпеди окшойт. Ким билет бирок кимисинен эмне кеткенин)
Ал учурда биякта калган экөө «балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт болуп» «кудайдан жөө качкан» А. Мадумаровду таап «үч илтик» болуп «толукталышат». (Мадумаровдун шаңдуу доору да өзүнчө повесть. Балким комедия.) Ошондо да аларга далайлар ишенип-ишенбей турганда айрымдар (бир тобу регионалдык «оору» менен «састумоолоп» жүргөндөр) ишеним артып, «үчилтик жаралды» деп сүйүнүп сүйлөнүшүп, куткаруучулар жаралгандай кубанышып «Ак кемеде» баталарын бергенин баарыбыз эле көрбөдүкбү. (Андан көп өтпөй эле «куткаруучулар» көшөгөнүн артында далай ажырашып, далай жарашты окшойт.) Андан да тиги экөө Адаханды Жалал-Абаддагы «Курманбек» стадионуна чакырып алып көк желектин алдында тургузганычы? Сыртынан билгизбегени менен А. Мадумаров ошондо ичинен катуу тиштенгенин өздөрүнүн эле жанында жүргөндөр божурап жүрүштү. Ошондо эле алар «оңбой калган трио» болуп калганын айтып чыккандар болгон. Бирок, алардын бүгүнкүдөй жамы-журтка мынчалык күлкү болушаарын эч ким анчалык ойлогон эмес. Шайлоо убактысыда шаштырып, тигилер ансайын алдастап, коомчулукту козутуу үчүн дагы коозураак болсун дештиби, акыры ошол эле арыктан суу ичкен, бирок тигилердикинен саал башкачараак ой жүгүрткөн Бакыт Төрөбаевди өздөрүнө тартып, «квартетпиз» деп чыгышып анда бир уят болушат. Бирок, эл көзүнчө кадырыбызды кетирип албайлы деп жакшы эле аракет кылышты. Аягында мааниси кудум «Барборос» планы сыяктуу план чийилип, төртөпартия кайра жаралмай болот. Бирок, «биз кайра жаралабыз» деп жамы-журтка шумдуктай жарыя кылышканы менен жарыла албай да, жарала албай да калышты.
Булак: “Айгай пресс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ