Жекшембиде АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотуу боюнча Коопсуздук кеңешинде варианттар калбаганын билдирди. Хейлинин айтымында, АКШ администрациясына көйгөйдү чечүү үчүн Пентагонго кайрылууга туура келиши мүмкүн.
Хейли Вашингтон көптөгөн башка варианттар менен катар согуштук варианттарды да караштырып жатканын белгиледи.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер “Fox News Sunday” басылмасына берген маегинде Пхеньяндын дарамети АКШны коркутуу ыктымалдыгына жакындаганын билдирди. Генералдын айтымында, Пхеньянга санкциялар, сүйлөшүүлөр аркылуу таасир этүү үчүн тез арада чараларды көрүү керек. Ал зарыл болсо «согуштук вариантка» дагы даярдануу керектигин кошумчалады.
Бир канча күн мурда Түндүк Корея кезектеги жолу баллистикалык ракетасын сынаган. Өлкө лидери Ким Чен Ын Пхеньян Кошмо Штаттардыкындай өзөктүк кубаттуулукка жетүүгө аракет кыларын билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ