Menu

Жергиликтүү бийлик үгүткө курал болдубу?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар шайлоо алдындагы үгүт иштерине жер- жерлерде мамлекеттик кызматкерлер тоскоол болуп, административдик ресурстар колдонулуп жатканын айтып чыгышты.

Ошондой эле сессияда БШКнын шайлоого даярдыгы боюнча маа­лыматын угуу сунушталды.

Жогорку Кеңештеги «Республи­ка-Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары бийлик өкүлдөрү талапкерлердин жер-жерлерде жыйындарды өткөрүүгө, үгүт ма­териалдарын илүүгө тоскоолдук жасап, административдик ре­сурсту колдонуп жатат деп бил­диришти.

Маселен, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, депу­тат Зиядин Жамалдинов пар­ламентте төмөнкүдөй маалымат берди:

– Сузактагы Кара-Дарыя ай­ыл өкмөтүнүн башчысы «Өнү­гүү-Прогресс» партиясынан пре­зиденттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин баннерлерин чечки­ле деп буйрук бериптир. Кара-Көл шаарында Төрөбаевдин штабы үчүн ижарага алынган имарат­тан да жергиликтүү бийлик­тин кысымы менен чыгарылып­тыр. Жалал-Абад мамлекет­тик университетинде студент­терди мажбурлап, КСДПнын талапкерине добуш бересиңер деп мажбурлап жатышыптыр. «Ошэлектронун» жетекчилиги кызматкерлерин чогултуп алып, Жээнбековго добуш бересиңер деп опузалап жатышыптыр. Биз өткөндө өкмөт башчы Сапар Исаковго да айттык эле, өкмөт, бийлик шайлоого аралашпасын деп суранганбыз. Бирок, тилекке каршы, кийлигише баштаптыр.

Кара-Көл шаарынын вице-мэ­ри Калыбай Өскөн уулу «Өнү­гүү-Прогресс» партиясынын шта­бы кайда жайгашкандыгы туура­луу аларда маалымат жоктугун «Азаттык» радиосуна белгилеп, депутат Жамалдиновдун айткан­дарын төгүндөдү. Ал эми Кара-Да­рыя айыл өкмөтүнүн башчы­сы Аширбек Матиев, «Ошэлек­тро» ишканасынын маалымат катчысы Талгат Алимахунов бул маалыматты четке кагышты.

Аширбек Матиев 14-сентябрда Сузак райондук прокуратурага келип түшүндүрмө берип, ага ти­ешеси жок экендигин билдирген.

КСДП фракциясынан депу­тат Аида Касымалиева кайсы бир тарапты күнөөлөөдө тактал­ган фактыларга таянууга кесип­тештерин үндөдү:

– Депутаттар дагы КСДПнын атын атап, административдик ресурс, №2 форма деп жатышат. Трибунада сүйлөп жатканда фак­тыларды келтириңиздер, ант­кени бул өтө олуттуу маселе. Шайлоо өнөктүгү эми башталды, участкалар эми ачылып жатат. №2 форма – мыйзамдуу, бирөө арыз менен кайрылса, мени маж­бурлап жатат десе башка кеп. Анан жөн эле туруп алып КСДП­ны күнөөлөй берген жакшы эмес.

13-сентябрда президенттикке талапкер, «Ак шумкар» партия­сынын лидери Темир Сариевдин шайлоо штабы Кайыңды шаары­нын мэри жолугушууларга тоско­олдук кылып жатканын айтып чы­ккан. Сариевдин өкүлү Назира Ахмедова мэр Эркин Иманкулов Сариевдин жыйындарына элди чогултпоо аракетин көрүп жатка­ны тууралуу маалымат алышка­нын «Азаттык» радиосуна айтты.

– Штабдагылар Кайыңдынын мэрине барып, биз аянтта өт­көрөлү дедик эле десе, тоготпо­гондой мамиле кылып коюптур. Биздин маалыматыбызга кара­ганда, ал шайлоо комиссиялары­нын жетекчилерин чогултуп, Са­риевдин чогулушуна эл барбай эле койсун дегендей кылыптыр.

Ал эми мэр Эркин Иманку­лов Сариевге эч кандай тоско­олдук кылбаганын айтып, баш­ка талапкерлер кадимкидей эле жолугушууларды өткөрүп жатка­нын белгилөөдө. Муну каралоо деп атаган шаар башчысы сотко кайрылууга камынып жатканын билдирди:

– Участкалык шайлоо комис­сиялары мага көз каранды эмес, алар аймактык комиссияга ка­райт. Аларды мен койгон эмес­мин. Төрагасы ким экенин да билбейм. Менин тиешем жок. Бул жөн эле каралоо, мен ушул маселе боюнча сотко кайрылга­ны жатам.

Шайлоочулар менен болгон жолугушууга тоскоолдуктар жа­салганын 13-сентябрда «Респу­блика» партиясынын лидери, пре­зиденттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабынан да айтып чыгышкан. Өзүн партиянын Ош шаарындагы жаштар канатынын координатору катары таанышты­рган Азамат Советбеков буларга токтолду:

– Белгисиз адамдар келип фи­лармониянын алдында илинген баннерди алып коюшуптур. Жо­лугушуу саат 12ге белгиленген эле, ушул убакытта филармо­ниянын жарыгы толук өчүрүл­дү. Жарым сааттын аралыгын­да жетекчилигине чалып отуруп кайра электр энергиясын жанды­рып беришти.

Ош шаарындагы филармониянын жетекчиси Гүл­шайыр Садыбакасова электр энергиясы жолугушуу башталган­га чейин эле оңдолуп-түзөлгөнүн «Азаттыкка» маалымдап, партия­нын өкүлдөрү берген маалымат­тарды жалган деп четке какты.

– Эгерде өткөргүбүз келбесе, залды башка иш-чарабыз бар деп эле бербей коймокпуз. Жогору же төмөн жактан эч нерсе айтыл­ган эмес. Жолугушууну өткөрүү­гө эки саат калганда жарык өчүп-күйө баштады. Аны оңдош үчүн электр жарыкты толук өчүрүп 20 мүнөттө оңдоп 11:30да электр энергиясы күйүп даяр бол­ду. Бабановдун иш-чарасы 13:00дө башталды.

Мындан сырткары Бабанов­дун штабы Жалал-Абаддын Су­зак районундагы Барпы, Бек-А­бад, Кара-Дарыя айылдарында көрнөк-жарнактары айрылганын билдирген. Маалыматка караган­да, 13-сентябрь түнкүсүн кимдир бирөөлөр жарнактарды айрып салган. Бул багытта штаб өкүл­дөрү милицияга арыз менен кай­рылышкан.

Ал ортодо Башкы прокурату­ра Бабановдун арыздарын илик­төөнү Кыргызстандын президен­тин шайлоо өнөктүгү учурундагы мыйзамдуулукту сактоо штабы­на тапшырма берди. Мекеменин маалымат кызматы билдирген­дей, мындан сырткары Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетинин деканы студенттерге №2 форма менен добуш берүүгө мажбурла­ганы тууралуу, Токмоктогу меди­циналык колледждеги шайлоого байланышкан окуяны, Араван районунда айыл өкмөттүн үгүтү тууралуу маалыматтарды илик­төөнү да тапшырды.

Борбордук шайлоо комиссия­сынын төрайымынын орун баса­ры Абдыжапар Бекматов Ара­вандагы окуя териштириле турга­нын айтып, депутаттар көтөргөн маселе боюнча арыз түшпөгөнүн, эгер даттануу болсо укуктук жагы каралып, тиешелүү чара көрүлөрүн «Азаттык» радиосуна билдирди.

– Кайрылуу болуп жатат, бирок факт менен көрсөтүлбөй жатат. Жер-жерлердеги болгон мыйзам бузуулар аймактык шай­лоо комиссиялары аркылуу укук коргоо органдары териштирип жатат. Азыр жалпыга маалым болгон Төрөбаев менен Сариев­дин айткандарын атабасак, биз­де расмий арыздар түшкөн жок.

Шайлоо жаряндарына көз сал­ган эксперттер быйылкы үгүт өнөктүгү деле мурдагыдай талап­керлердин бирин бири каралоосу, административдик ресурска дат­тануусу жана добуш сатып алуу сыяктуу маалыматтар менен ко­штолуп жатканын белгилеп жа­тышат.

«Жарандык платформа» коом­дук фондунун башчысы Айнура Усупбекова мыйзам бузуулар­га талапкерлер өздөрү каршы күрөшүүсү зарылдыгын белги­леп жатат.

– Азыр эки талапкердин орто­сунда эле атаандаштык болуп жатат. Бири административ­дик ресурсту көбүрөөк колдоно алса, экинчиси аны жөн эле куру сөз менен эмес далилдеп бериши керек. Борбордук шайлоо комис­сиясына, Башкы прокуратурага кайрылса көз жаздымда калбайт деп ойлойм.

Президенттик шайлоого талап­керлердин үгүт өнөктүгү 10-сен­тябрда башталган жана ал 14-ок­тябрга чейин уланат. Шайлоо 15-октябрга белгиленген. Сая­сий жарышка катышуу үчүн арыз берген 59 кишиден 13 талапкер расмий катталган.

Булак: “Айгай пресс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: