Шайлоонун үгүт иштери кызуу жүрө баштады. Лидерлер алгачкы жолугушууларын аймактардан баштады көрүнөт. Жаш талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов “чү” дегендеги кадамын ордолуу Оштон баштап, элге өз программасын жакындан тааныштыруу максатында барган учурда, Ош филармониясынын жарыктарын өчүрүп, кишилерди киргизбей бир топ каршылыктарды жаратышканы белгилүү болду. Мындай тоскоолдуктарга карабаган Бабанов жык-жыйма келген Оштун жаштары менен жолугушуу өткөрүүгө жетишиптир. “Бийлик эски адатыбыздан арылдык”-дегени менен мындай тоскоолдук жараткан жагымсыз жагдайлар, улам бир талапкердин оозунан байма-бай айтылып эле жүрөт. Президентибиз Алмазбек Атамбаев жана Өкмөт башы Сапар Исаков шайлоо таза жана эч тоскоолдуктарсыз өтөөрүн, эски оорууларды кайталоо болбостугун айтып келишет. Анда мындай аракеттерди кимдер жасап жатышты экен?
Булак: “Айкын саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ