Menu

Өзбекстанда бюджетте иштегендер пахта теримге тартылууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Жизак, Самарканд, Кашкадарья, Анжиян жана Ташкент облустарындагы мектеп, лицей жана колледж мугалимдери бир канча күнгө пахта теримге жөнөтүлүүдө. Жергиликтүү ишкерлер пахта талааларына чыкпагандардан акча чогултулуп жатканын билдиришүүдө.

Аты-жөнүн айткысы келбеген мугалимдердин биринин айтымында, алардын мектебиндеги кызматкерлер он топко бөлүнүп, кезек менен пахта талааларына он күнгө жөнөтүлүүдө.

– Алгачкы топ бүгүн эртең менен 10 күнгө кетти. Алар коңшу райондогу ар кайсыл совхоздорго жөнөтүлдү. Арасында 50-55 жаштардагы аялдар дагы бар. Байкуштар үйүнө түнөө үчүн жергиликтүү такси айдоочулары менен сүйлөшүп, күндө барып-келип турмай болушуптур. Эми аларга жол чыгымдарына күн сайын өз чөнтөктөрүнөн 5-10 миң сумдан коротууга туура келет, – деди ал.

Айтымында, мындан тышкары райондогу бала бакчада ар бир топко бирден гана тарбиячы калтырылып, калган кызматкерлердин бардыгы тең пахта теримге жөнөтүлгөн.

– Мурдагы жылдардагыдай эле быйыл дагы пахта терүүгө өз каалообуз менен барып жаткандыгыбыз тууралуу тил кат жаздырып алышууда. Жакында эле бийликтегилер адамдарды мажбурлап пахта теримге алып барбай тургандыктарын айтып, убада беришпеди беле! Ал убадалар кана?! Бардыгы мурдагыдай, эч өзгөрүү жок, – деди Жизак облусундагы мектептердин биринин мугалими.

Самарканд облусундагы ишкерлер билдиришкендей, райондук акимчиликтин кызматкерлери базарларды кыдырып, пахта талаасында иштөөдөн баш тарткандардан 300-350 миң сумдан (37-43 АКШ доллары) талап кылышууда. Айтымдарында, алар соодасын токтото албагандыктан сураган акчаларын берүүгө аргасыз болуп жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: