Дүйнө лидерлери БУУНун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркто чогулушууда.
19-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп сөз сүйлөйт. Ал 193 өлкөнү камтыган БУУнун жыйынына биринчи жолу катышууда. Франция президенти Эммануэль Макрон дагы алгач ирет баяндама жасайт деп күтүлүп жатат.
Сессияга Орусия президенти Владимир Путин менен Германия канцлери Ангела Меркель барбайт. Жыйынга Орусия менен Германиянын тышкы иштер министрлери катышат.
БУУнун башкы катычы Антониу Гутерриштин төрагалы алдында өтчү иш-чара 25-сентябрда аягына чыгат.
БУУнун сессиясына Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев дагы биринчи жолу катышышат.
Пхеньяндын өзөктүк сынолору – талкууга алына турган негизги маселе болору күтүлүүдө. БУУ ядролук программаларды ишке ашырууга тыюу салганына карабай, Түндүк Корея дүйнөнү кабатыр кылган чагымчыл аракеттерге барууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ