17-сентябрь күнү милиция бөлүмүнө болжол менен саат 10:30 чамасында Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Көк-Тоңду айылындагы үйлөрдүн биринде киши колдуу болуп өлгөн адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ окуя болгон жерге барып, каза болгон адам 43 жаштагы Н.Ж. аттуу жаран экендигин аныкташкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери оор кылмыштын изин суутпай ушул эле айылдын 54 жаштагы К.Ж. аттуу жашоочусун кармашкан.
Кармалган адам мурда соттолгону аныкталган. Тергөө учурунда өлгөн адам менен кылмышка шектүү жаран тууган экендиги жана экөө мас абалында болгондуктан ортосунан чыр-чатак чыгып, уруша кетишкен. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ