2017-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Пекин шаарындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Азамат Усеновдун Пекин шаарында окуган жана окууга келген кыргызстандык студенттер менен жолугушуусу болуп өттү. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А.Усенов Элчиликтин ишмердүүлүгү, кыргыз-кытай билим берүү тармагындагы мамилелери, маданий иш-чаралар, студенттердин укуктары жана милдеттери, ошондой эле 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоосу жөнүндө маалыматты билдирди.
Студенттер билим берүү тармагында, Кытайда жашоо жана жайгашуу жөнүндө өз суроолорун беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ