Menu

“Лигласс Трейдинг” компаниясы 37 млн долларды төлөгөн жок, Атамбаевдин айтканы аткарылбады

Бөлүшүү:

Кыргызстанда 10 чакан ГЭС жана Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарын куруп берет, алтургай Камбар-Ата-1 ГЭСин да салып жиберет деп Алмаз Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Сапар Исаковдор жар салып келаткан  Чехиянын ызы-чуулуу “Лигласс Трейдинг” компаниясынын Кыргызстанга 37 миллион доллар которуп бере турган акыркы мөөнөтү бүгүн, 18-сентябрь болчу. Бирок акча которулган жок.

Алмаз Атамбаев июль айында берген маалымат жыйынында “4-августта акционерлердин жыйыны болуп, Кыргызстан менен Чехиянын “Лигласс Трейдинг” компаниясынын ортосунда ГЭСтерди куруу боюнча түзүлгөн келишимди жактыргандан тартып бир айдын ичинде, башкача айтканда 4-сентябрга чейин “Лигласс Трейдинг” компаниясы бизге 37 миллион долларды которуп берет” деп журналисттерди ишендирген.

Чын эле 4-августта энергетиктердин акционерлери жыйылып келишимди бекитип беришкен, бирок бийлик “Лигласс Трейдинг” компаниясынын акча төлөө мөөнөтүн эмнегедир 4-сентябрдан 18-сентябрга жылдырып коюшту.

“Лигласс Трейдинг” компаниясы банкрот, алдамчы компания экенин Чехиялык адистер жазып жатат, кыргыз коомчулугу айтып жатат,  дүйнө сөз кылып жатат, баары ишеништи, болгону Атамбаевдин бир ууч кошоматчылары гана ишенишпей, аларды айга-күнгө теңеп мактап келишет.

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкекте  маалымат жыйынын өткөргөн Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерди утуп алган чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясынын жетекчиси Михаэл Смелик 37 миллион доллар акча Кыргызстанга төлөнбөгөндүгүн билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, быйыл 11-июлда чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерди утуп алган. Келишимге Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кол коюшкан.

2012-жылы да Кыргызстан жана Орусия Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын “РусГидро” компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган. Ал эми жакында, сентябрдын башында Орусиянын “РусГидро” компаниясы курулушка сарпталды делген 37 миллион долларды Кыргызстандан өндүрүп алуу үчүн эл аралык арбитражга кайрылууну көздөп жатканын жарыялаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: