Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата козголгон кылмыш иштин соттук териштирүүлөрү улантылды.
Сотто коомдук жактоочулар Саляновага суроолорун беришти.
Суроолорго жооп берип жатып, Аида Салянова сурак учурунда видеого тартуу эки жолу болгондугун айтты: “Бир жолкусунда күбө катары суралып жатканда болгон, ал учурда аны видеого тартып жатышканын өзү билген. Экинчи жолу Жылдыз Мамбеталиева менен беттештирүү учурунда болгон. Беттештирүү видеого тартылып жатканын мен билгем. Мага расмий түрдө эскертишкен. Тасмага түшүп жатканда мен күбө статусунда болчум, Мамбеталиева дагы. Тергөө иши мени айыпка жыгуу максатында болуп жаткандыктан тергөөчүдө атайын тапшырма болгон, ал видеокамеранын ракурсун кандай тууралоо керектигин билген жана тасма мага гана тиешелүү болуп тартылып калган. Тилекке каршы ал тасмада Жылдыз Мамбеталиеванын жүзү көрүнбөй калган. Мамбеталиева калп айта алабы же жокпу, айтса кандай абалда болот, толкунданып билдирип койбойбу, ошону текшеришкен “, – деди Аида Салянова
Эсиңиздерге сала кетсек, Аида Салянованы бийлик 2010-жылы Юстиция министри болуп туруп Максим Бакиевдин досу Алексей Елисеевге мыйзамсыз адвокаттык лицензия берген деп айыптап жатат. Ал кезде Жылдыз Мамбеталиева Юстиция министринин орун басары болгон. Алгач Мамбеталиева өз билдирүүлөрүндө “биз Елисеевге адвокаттык лицензияны мыйзамдуу түрдө, кадыресе шартта эле бергенбиз, Аида Салянова көңүл бурбаган” таризинде көрсөтмө берип жүрсө, кийинки билдирүүлөрүндө Аида Салянованы муну билип туруп бердирген таризинде айыптай баштаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ