Menu

Жарандардан мыйзамсыз сакталган курал-жарактар алынууда

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 15-сентябрь күнү Москва районунун Беловодск айылынын 57 жаштагы П.П. аттуу жашоочусунун үйүнөн 7,62-калибрдеги “Сайга” үлгүсүндөгү ок атуучу куралы табылып алынган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле,16-сентябрь күнү Ноокат райондук милиция кызматкерлери жарандар тарабынан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды аныктоо максатында иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Миң-Тамыр айылынын 46 жаштагы М.И. аттуу жашоочусуна таандык болгон тиешелүү документтери жок 1959-жылы чыккан “Белка” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралды табышкан.

Ал эми Кемин райондук милиция кызматкерлеринин түшүндүрүү ишинин негизинде Бейшеке айылынын 60 жаштагы Ж.Т. аттуу тургуну 16-калибрдеги “ТОЗ-16” үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын стволун өз ыктыяры менен тапшырса, ушул эле күнү Кызыл-Октябрь айылынын 33 жаштагы А.А. аттуу жашоочусу тоодон таап алган 16-калибрдеги “ТОЗ-16” үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын стволун өз ыктыяры менен милиция бөлүмүнө тапшырган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: