Menu

Казакстан бийлиги «салафиттер» арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бөлүшүү:

Бир жылдын ичинде Казакстанда бузуку диний агымдардын 300гө жакын жактоочусу өз ишенимдеринен баш тартышты. Бул тууралуу 18-сентябрда Казакстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий Серикбай ажы Ораз билдирди.

Анын айтымында, бул жакшы көрсөткүч болгону менен, бүгүнкү күндө өздөрүн салафизм агымынан чыккан такфириттер жана радикалдар деп эсептеген миңден ашык адам бар.

Парламенттин төмөнкү палатасындагы өкмөттүк саатта өлкөнүн Дин иштери жана жарандык коом министри Нурлан Ермекбаев экстремизмдин алдын алуу системасына карата жаңы мамиле жасалып баштаганын жана анын негизин мамлекеттик органдардын бейөкмөт уюмдар жана диний бирикмелер менен кызматташуусу түзөрүн билдирди. Анын айтымында, парламенттин төмөнкү палатасынын Актөбөдөгү көчмө жыйынында өкмөттүн жалган салафизмге карата терс мамиледе экендиги тууралуу позициясы биринчи жолу айтылды.

– Коом бул агымдын бузуку экендиги тууралуу так жана түшүнүктүү маалыматтарды алды. Анткен менен ал башка өлкөлөрдө кабыл алынышы мүмкүн. Коомчулукта бул агымга Казакстанда дагы тыюу салуу чаралары активдүү талкууланып жатканына карабастан, биз атайылап түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жолун тандап алдык. Бул өз жыйынтыгын берүүдө, – деди Нурлан Ермекбаев.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: