Menu

Жалал-Абад облусунун аймагынан 3,5 килограммдан ашык баңгизат алынды

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 14-15- сентябрында милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш- аракеттеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун 35 жаштагы А.Н.аттуу тургунуна тиешелүү “Тико” үлгүсүндөгү автунаасын текшерүү учурда 2 килограммга жакын зат алынган. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми Сузак районунун милиция кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш-чараларынын негизинде Октябрь айылынын 53 жаштагы тургуну 850 грамм баңгизаты менен кармалган. Ошондой эле Орто-Сай айылынын жанынан 24 жаштагы жергиликтүү тургун 660 грамм салмактагы кара куурай менен кармалган.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш -жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү ) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ал эми шектүү жарандар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочуу жайына киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: