Menu

Азербайжанда көз карандысыз журналист 9 жылга абакка кесилди

Бөлүшүү:

Азербайжан соту бийликти сындап келгендиги менен белгилүү журналист Элчин Исмаиллыны тогуз жылга абакка кести. Анын адвокаты бул ишти саясий куугунтук деп сыпаттоодо.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Шеки шаарынын соту 18-сентябрдагы өкүмү менен журналистти акча өндүргөн жана кызматынан кыянат пайдаланган деп тапты.

Элчин Исмаиллы февраль айында кармалган. Буга Маданият жана туризм департаментинин бир кызматкеринин журналистти акча өндүрүүгө айыптаган арызы себеп болгон. Исмаиллы айыптоолорду четке кагып келет. Анын адвокаты Элчин Садыков бул ишти саясий куугунтук деп сыпаттаган.

Батыш өлкөлөрү жана эл аралык укук коргоо уюмдары президент Илхам Алиевдин өкмөтүн көз карандысыз медиа каражаттарын кысымга алып жатат деп сындап келишет. 2003-жылдан бери өлкөнү башкарып жаткан Алиев мындай дооматтарды негизсиз деп мүнөздөйт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: