Menu

Аламүдүн районунда жайгашкан сүт фермасынан өрт чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-сентябрда саат 00:53 тө Аламүдүн районунун Маевка айылында жайгашкан Сүт фермасында өрт чыккан. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, темир каркаска шифер жабылган аянты 300 чарчы метр кампанын чатыры, ичиндеги темир цистерна жана 5 резервуарда куюлган 6 тонна растворитель “Нефрас” жана 2 тонна күн карама майы күйгөн.

Өрт болгон жерде 1 адам  (1992 ж. т. Р. А.) денесинен 90% 1-3 А даражадагы күйүк алган. Азыркы учурда жабырлануучу Бишкек шаарындагы №4 оорукананын күйүк борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Өрт саат 03:07де толук өчүрүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: