Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, ушул жылдын 25-август күнү белгисиз жарандар “Тайота Королла” үлгүсүндөгү автоунаасын мыйзамсыз түрдө ээлеп алгандыгын билдирген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 35 жаштагы С.Ю. жана 23 жаштагы Т.Ю. аттуу тургундар кармалган.
Жогорудагы факты боюнча Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (автооунаа жана транспорт каражататрын мыйзамсыз ээлеп алуу ) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ