Menu

АКШ Украинанын коргонуусуна 500 млн доллар бөлөт

Бөлүшүү:

18-сентябрда АКШнын Сенаты коргонуу саясаты тууралуу мыйзам долбоорун колдоду. Ага ылайык, Украинанын коопсуздук жана коргонуу тармактарын колдоо үчүн 500 миллион доллар бөлүнүп берилет.

“Мыйзам долбоорунда биздин өлкөгө коргонуу багытындагы учуучу курал-жарактарды берүү каралган. Андан тышкары АКШнын коргонуу бюджетиндеги каражаттарды Кошмо Штаттардын медициналык жайларында жарадар украин аскерлери үчүн колдонууга, ошондой эле биздин мамлекеттин аба жана деңиз күчтөрүн күчтөнтүүгө жумшоого мүмкүндүк бере турган жоболор киргизилген”, – деп жазды Украина президенти Петр Порошенко Фейсбуктагы баракчасына.

Порошенконун айтымында, Украина абадан коргонуу боюнча радиолокациялык каражаттарды, минага каршы аскер-деңиз техникаларын жана жээк кайтаруу кемелерин алат.

Бирок Украинага бул сумманын жарымы гана дароо берилет. Экинчи бөлүгүн өлкө коргонуу тармагында рефомалар жасалгандан кийин алат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: