Menu

Ташкентте “мыйзамдагы уурулардын” ондогон мүчөлөрү кармалды

Бөлүшүү:

Ташкентте акыркы эки аптада «көчө авторитети» атына ээ болгон бир нече киши жана алардын ондогон өнөктөштөрү кармалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Маалыматтарга караганда, кармалгандардын арасында Ташкентти “көзөмөлдөгөн” Аббас Хаджаев дагы бар. Ташкент шаарынын Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 33 жаштагы кримтөбөл 0,34 грамм героин сатууга айыпталууда.

Мындан тышкары Өзбекстанда Бахти Ташкент жана Бахти Янгиабад ысымы менен белгилүү криминалдык авторитет Бахтияр Кудратуллаев кармалып, милиция бөлүмүндө төрт саат сурак берген соң бошотулган.

9-сентябрда Ташкентте “Маха” каймана аты менен таанымал Махамаджон Курбановго бычак менен кол салуу болгондон кийин криминалдык дүйнөнүн мүчөлөрүн кармоо операциясы башталган. Курбанов Ташкенттин “көзөмөлдөөчүсү” Аббас Хаджаевдин өнөктөштөрүнүн бири экени айтылууда. “Азаттыктын” өзбек кызматынын укук коргоо органдарындагы өз булагы билдиргендей, орусиялык “мыйзамдагы ууралар” Ташкенттеги криминалдык авторитеттерди жок кылууга аракет жасашкан.

Башка бир булактын тастыкташынча, Аббас Хаджаев кармалгандан кийин шаардагы түнкү клубдардын биринде кримчөйрө өкүлдөрү жыйын өткөрүп, Ташкентке башка “көзөмөлдөөчү” дайындоо маселесин карашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: