2017-жылдын 17-сентябрь күнү Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. БУл туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барышкан. Тергөө учурунда маркумдун өздүгү такталып, ал 64 жаштагы И.С. аттуу жаран болгон. Жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда күч колдонулуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Ошондой эле анын бөлмөсүнөн спирт ичимдигинин бош бөтөлкөлөр табылган.
Жогорудагы факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынытыгында, кылмыш изин суутпай 36 жаштагы И.В. аттуу жаран кармалган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ