Menu

Сариев “шайлоодон кийин чыр чыгышы мүмкүн!”- деди

Бөлүшүү:

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев: “Шайлоодон кийин чыр чыгарышы мүмкүн болгон жагдай – кошумча шайлоо тилкелери. Тилекке каршы, Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы кошумча шайлоо тилкелери жөнүндө чечим кабыл алып, аны БШК бекиткен. Мыйзам боюнча, кошумча шайлоо комиссиясы деген нерсе жок. 2015-жылы да бул маселе көтөрүлгөн, бирок 2 жылдын ичинде мыйзам оңдолгон жок. Кошумча шайлоо тилкелеринин чек арасы да аныкталган эмес. Бул БШКнын өзүм билемдиги, мыйзам бузгандык”,- деди.

Мындай пикирин Акылбек мырза 19-сентябрда «Акыйкат шайлоо үчүн» кыймылынын биринчи отуруму өтүп жатканда айтты. Аталган отурумда негизги талкууланган тема алдыдагы президенттик шайлоо болду. Эскерте кетсек, аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлгөн. Демилгечилер кыймылдын максатын «президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөруүнү камсыздоо»- деп аташкан. Кыймылга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: