Айтылуу оппозиционер, азыркы абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев ар качан сөздүн ток этээрин айтып келет. Аны саясый боёк сүртүп камап салуу менен акыйкаттын үнүн баса албасын түшүнбөгөн бийлик дагы бир ирээт Текебаевден төбөгө жеди.
Маңдайга матай койгондой кеби менен Текебаев сотто “Мурунку эки бийликти үй-бүлөлүк кландык башкаруу деп күнөөлөчүбүз. Азыркы бийлик үй-бүлөлүк деген сөздү алып коюп кландык башкарууга өттү. Анык эле мурунку кландык башкаруу жүрүп жатат. Жасалма иш козгоо, мамилеси келишпеген адамды соттоп өч алуу. Эми Атамбаев Кыргызстандан кетсе Кипр жакка барат. Белорусия менен Россияга лимит толуп калды,-деп ачуу чындыкты аскияга коштотту. Деги ушул кишинин сөзүндө мөөрү бар эй. Анүстүнө өзү айтып аткан Кипрге барып келе жатканда “дагы бир балээни баштабаса экен”-деп туруп камашпады беле. Айтор айткан кебинде чындык бардай…
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ