Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө 26 жаштагы Б.С. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Себеби 2017-жылдын 2-апрель күнү Ынтымак айылындагы Титкен жайлоосунда бош жүргөн жеринен бир уйун белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Келтирилген чыгым 35 миң сомду түзгөн.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш- аракеттердин натыйжасында Ноокат РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 29 жаштагы Ж.О. аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ