Ашхабаддын орто мектептеринин мугалимдери көчөлөрдүн тазалыгын камсыз кылышууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, шаардын борборуна жакын жайгашкан мектептердин техникалык персоналдарынын көбү көчөлөрдү шыпырып, бактарды актап, жалбырактарды чогултушууда.
Мектептердин мугалимдеринин биринин айтымында, көчөлөрдө жалпысынан алты саат иштешүүдө. 19-сентябрдан тарта эки нөөмөт менен тазалык иштерин аткара башташат.
Анын айтымында, мугалимдерди шаардын тазалыгына тартуу иштери 28-сентябрга чейин созулат. Азия оюндарына байланыштуу Ашхабадын орто мектептеринде жана кесиптик-техникалык окуу жайларында кезексиз каникул жарыяланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ