Menu

Видео – Трамп АКШ Түндүк Кореяны жок кылууга кудуреттүү экенин айтты

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп БУУ Башкы Ассамблеясында биринчи кайрылуусун жасап, глобалдык маселелерге токтолду. Ал Түндүк Корея жана Иранга карата катуу позицияны карманууга чакырды.

– Кошмо Штаттарында күч да, чыдам да көп. Бирок ал өзүн же тилектештерин коргоого туура келип калса бизде Түндүк Кореяны толук жок кылуудан башка чара калбай калат. АКШ буга жөндөмдүү жана даяр, – деди Трамп.

АКШ президенти БУУнун максаты мындай чатактарды болтурбоо экенин белгиледи. Ошондой эле дүйнө элдерин Пхеньяндагы режим душмандык кылык жоругун токтотмоюн аларды изоляциялоо үчүн биригүүгө чакырды.

Трамп БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Кореяга каршы резолюциясын колдошкону үчүн Орусия менен Кытайга ыраазычылык билдирип, бирок бул жетишсиз экенин айтты.

Алгачкы кайрылуусунда Трамп Иран өкмөтүн Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка бүлүк салган “кандуу режим” деп атап, Иран менен өзөктүк келишимди сынга алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 64 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: