Menu

Май куюучу жайдын жумушчусун сабап, 140 000 сом акчасын тоноп кеткен кылмышкер колго түштү

Бөлүшүү:

19-сентябрь күнү кээ бир маалымат агенттиктеринде “Чалдавар-унаа өтүүчү жол” өткөрүү пунктунан чек ара кызматкерлери издөөдө жүргөн Кыргызстан жаранын кармашканын кабарланган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта Бишкек-Тараз каттамындагы автобустун жүргүнчүлөрүнүн документтерин текшерүү учурунда ушул жылдын 16-сентябрында 25 жаштагы А.К. аттуу жаран Жала-Абад облусунун бензин куючу жайдын кассасын тоноп, издөөдө жүргөн жеринен кармалганы айтылган.

Ушуга байланыштуу, ИИМдин Басма сөз кызматы маалыматты тактоо ирээтинде чек арадан өтүүгө аракет кылып, кармалган жаран 1992-жылы туулган Өзгөн районунун жашоочусу экендигин жана кылмыш Жала-Абадта эмес Ош облусунда болгондугун билдирет.

16 -сентябрь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн шаарынын бензин куючу жайына медициналык бет капчан белгисиз жаран келип, жумушчусун уруп сабап, андан кийин кассадан 140 000 миң сом акча каражатын алып кеткен. Андан сырткары, тоноочу бензин куючу жайдын жанында турган «Daewoo» үлгүсүндөгү автоунааны айдап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-берене (каракчылык) менен 172-беренелери (автоунааны же башка автотранспорттук каражаттарды укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айылынын 25 жаштагы А.К. аттуу жашоочусу болуп чыккан. Тергөө учурунда кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгону, анын ичинен алдамчылык жана эки жолу каракчылык фактысы менен сот жообуна тартылганы маалым болгон. Жакында эле абактан чыккан.

Ошондой эле, облустардын ички иштер башкармалыктарына кылмыш болгон жерден уурдалган автоунааны издөөгө жана кылмышка шектүүнүн качышына жол бербеш максатында багыттама жөнөтүлгөн. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын өтмөктөрүндө өз убагында кароолчу (сторожевая) карточкасы коюлган. Айдап качкан автоунаа Өзгөн районунун Жазы айыл аймагында көчөдөн табылган. Азыркы убакта Чүй облусунда чек-ара көзөмөл өткөрүү пунктунан кармалган жаран ИИМдин кызматкерлери тарабынан Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Кылмышка шектүү башка кылмыш ишине тиешеси бардыгын аныктоо үчүн иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: