Menu

Шайлоо маселесинин Коопсуздук Кеңешинде каралып жатышы кооптуу эмеспи?

Бөлүшүү:

Көрсө, 15-октябрдагы президенттик шайлоонун кандай өтөрү, анын жыйынтыгы бир эле оппозиция менен элди эмес, бийликти да бушайманга салып жаткандыгы чын окшойт. Анткени 11- сентябрда президент Атамбаевдин төрагалыгы астында Коопсуздук Кенештин жыйында дал ушул маселе талкууланды. Анда президент “Шайлоо таза жана ачык өтсө, эл анын жыйынтыгын кабыл алат. Шайлоо таза өтүш керек” деп aйтты. Ошондой эле “административдик ресурсту колдонуу эч нерсени чечпейт, андан добушту акчага сатып алуу коркунучтуу”,- деген Атамбаев бийлик Жээнбековдун пайдасына административдик ресурсту бардык жерде колдонуп жатканын бир жагынан мойнуна алып, экинчи жагынан административдик ресурсту колдонууну кыйыр түрдө актап да кетти. Бирок ушул эле мамлекет башчыбыздын үгүт өнөктүгү башталганга чейин эле “алдыдагы шайлоодо досум жеңишке жетиши мүмкүн” деп, алдын-ала досу Сооронбай Жээнбековдун пайдасына кыйыр үгүт жүргүзүп келгендигине кандай баа берүүгө болот? Ошондой эле “Таза шайлоо” деген бийлик эң тажаал оппозиционерге айланган Өмүрбек Текебаевди шайлоодон четтетип, шектүү айыптоо менен күчкө салып камап коюшун, оппозициялык маанайлар чагылдырылып, пикирлер айтылган “Сентябрь” телеканалы бир күндүн ичинде жабылгандыгын, сайттар куугунтукталып, журналисттер ооздукталгандыгы эмненин белгиси? Деги шайлоо маселеси Коопсуздук Кеңешинде каралып жатышы кооптуу эмеспи?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: