Эл аралык шылуун-аферисттердин колуна түшкөн “Кумтөр” алтын кенинин Чубактын кунундай чубалжыган чатагы улам жаңы бийлик келген сайын чечилбей эле, кайра кургуйга кулап же Кыргызстандын үлүшү азайып жаткандыгы белгилүү. Ал тургай далай өкмөт башчылар дал ушул алтын чатагынан улам садага чабылып келет. Эгер Акаев түзгөн 2003-жылдагы келишимге чейин “Кумтөрдө” Кыргызстандын үлүшү 67% болуп келсе, келишимден кийин 33% болуп калган. Канадалыктардыкы тескерисинче 67% болуп калган. Андан сырткары Акаевдин өкмөтү 33% акциянын 17% дароо сатып да жиберген. Бул таламандын так түшүндө мамлекетти, элди талап-тоноо болгон. Атамбаев дал ошол себептен “Акаевди кечире албаймын” деп келет. Бирок, премьер-министр С.Исаковдун 7-сентябрдагы сөзү боюнча, Кыргыз өкмөтү “Центерра” менен арбитражда соттошпой, талаш-тартыштарды өз ара чечип алууну макулдашыптыр. Ага ылайык, “Центерра” Кыргызстанга анча-мынча каражат болот экен. Маселен, экологиялык төлөм жыл сайын 310 миң доллар эмес, 3 млн. доллар болот экен. Баарынан да Кумтөрдөгү, “Центеррадагы” үлүшү тынымсыз азайып баратыптыр. Эгерде 2010-жылга чейин “Центеррада” Кыргызстандын үлүшү 32%дан ашуун болсо, азыр 26% түшүп калган. Жаңы өкмөттүн бул кадамын кандай түшүнсө болот же канадалыктар менен жең ичинен кантип келишип алган?…
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ