Menu

Осмоналиев “оюна”келгенин жобурай береби?

Бөлүшүү:

Кайрат Осмоналиев деген илимпоз бар. Өзүн өтө акылдуу сезет. Бүгүнкү бийликтин айныгыз “арзыматы”. Ушул жигит дагы бир чүргөмө акылын алып чыкты. Ал айтылып эле жүргөн сөз. “Негизи добуштарды сатып алуу же өз добушун сатуу – кылмыш. Ал боюнча  администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 140-беренесинде так жазылган. Талапкер, ошондой эле алардын жакын туугандары, ишенимдүү адамдары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добуштарын материалдык баалуулуктарды берүү же таратуу же кандайдыр бир кызматты же башка упайларды алууга көмөктөшүү жолу менен сатып алганда эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнөн үч миң өлчөмүнө чейин айып салуу же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган. Ошондуктан бул аракеттер далилденсе тиешелүү адамдар жоопко тартылат”,-дейт.

Кайран гана куру сөз. Кайрат мырза эч качан эч ким бизде добуш сатып алуу боюнча соттолбогонун  жана соттолбостугун түшүнбөйбү? Же мамлекеттик машина, административдик ресурс дегендер  жомок деп ойлойбу? Андай эмес десе так ушул административдик ресурстарды колдонуп,  элдин добушун бурмалап жаткандар тууралуу ачуу чындыкты айтса кана?

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: