Menu

Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнүнө карата кайрылуусу

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-сентябрда ишкерлер күнүнө карата өз куттуктоосун билдирди. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу ишкерлер!

Кымбаттуу достор!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнү менен куттуктайм!

Сиздер демилгелүү жана күч кубаттуу адамдардын башын бириктирип, өз алдынча  иш ачып, жаңы идеяларды, долбоорлорду ишке ашырып, ошол аркылуу өлкөнүн өнүгүшүнө көмөктөшүп келесиздер. Чакан жана орто ишкерлердин ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрүнүн ыкчам өсүшү муну ырастап олтурат.

Сиздер жумушчу орундарды түзүп, салыктарды төлөп, өлкөнүн бюджетин  толуктап жатасыздар.

Акыркы жылдары Кыргызстанда орногон тынчтык жана туруктуулук  өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жакшы негиз болду. 2040-жылга чейин Кыргызстанды  туруктуу өнүктүрүүнүн  Улуттук стратегиясы иштелип жатат. Биздин негизги милдетибиз –  өлкөнүн турукташуу мезгилинен  улуттук кайра жаралууга өтүү, тышкы катуу таасирлерге туруштук бере алган күчтүү,  өнүккөн экономиканы түзүү жана  өлкөнүн толук финансылык көз карандысыздыгына жетишүү.

Бул максаттарга жетүү максатында Кыргызстан  бизнес үчүн, инвестор үчүн, жергиликтүү жана чет элдик – ири жана чакан ишкерлер үчүн бейишке айланышы керек.

Кыргызстандын ишкерлери    ишкерлик  кадыр-баркын жогору  баалап, жигердүүлүктүн бийик үлгүсү болууга умтулаарына ишенем. Биргелешкен  күч аракет менен биз экономикалык жактан күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстан кура алабыз!

Бардык ишкерлер туруктуу өсүп, гүлдөп өнүгө берсин. Сиздерге, туугандарыңыздарга жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм!”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: