Menu

Өмүрбек Бабанов: “Мен да намаз окуйм, бирок жаныма камера жетелеп жүрбөйм”

Бөлүшүү:

Ажолукка талапкерлер эми “акыйнек” абалына өтө башташты. Дегеним, Өзгөн эли менен болгон
жолугушуу учурунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековду расса согуп-согуп алды.
“Бабанов келсе мечит жабылат деп жатышат. Эч бир мечит жабылбайт. Сооронбай Жээнбеков ыймандуу адам экен деп атышат. Мен да намаз окуйм, бирок жаныма камера жетелеп жүрбөйм. Аянтта алдыңкы катарда туруп намаз окубайм. Ыймандуулук адамдын жүрөгүндө болушу керек”,- деп жарылды.

Ошондой эле Бабанов акты ак, караны кара дегенге убакыт келгенин кошумчалады.
“Кудай буюрса шайлангандан кийин ар бир айыл өкмөттө коомдук өкүлүм болот. Мен акимдер даярдаган тамакты ичип алып учуп кетпейм, мен өкүлдөрүмөн элдин жашоо-шартын сурайм”,- деп, мунусун ачылыш сыяктуу жарнамалады. Эмнегедир “чиновниктер менен чай ичпейм” дегени Тажик президентинин уулуна айткан насаатына окшоду. Кыскасы Бабанов мырза азыркынын баарына каршы. Баарын жаңыдан баштайм дейт.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: