Menu

Салянова соттук отурумдар келесоолук деңгээлге чейин жеткенин ырастады

Бөлүшүү:

Кээде адам күйүп кеткенде, жаны кашайып кеткенде өтө оригиналдуу ачуу чындыктар жаңырат эмеспи.

Жогорку Кеңештин оппозициялык “Ата Мекен’’ фракциясынан депутаты Аида Салянова да так ушундай абалда бир жарылды. 15-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Салянова тергөөдө “Алексей Елисеевдин лицензиясын узартууда анын соттолгондугу тууралуу маалым кат болгон”- деген көрсөтмөсү боюнча түшүндүрмө берди. Жактоочу Улан Жумаков Саляновадан: “Сиз тергөөдө көрсөтмө берип жатып Елисеевдин документтеринин арасында анын соттолгону тууралуу маалым кат бар эле депсиз. Бул нерсени кандай түшүнсөк болот?”,— деп сурады. “Андан бери көп убакыт өттү, мен азыр ошол тергөөнү так эстей албай жатам. Андан сырткары мен жактоочулардын иши боюнча өтө тереңден билбейм. Бирок мен орун басарым Жылдыз Мамбеталиеванын Елисеевдин лицензиясын узартуу боюнча баары так, эч кандай маселе жаралбайт дегени эсимде”, — деди Салянова. Ушул учурда сот башка суроо берүүгө аракет кылып, Салянова андан ал жооп берип жатканда үзгүлтүккө учуратпоону суранды. Натыйжада сот менен жактоочунун ортосунда кайым айтышуу орун алып, кийин Салянова сөзүн улады.

“Мага тергөөчүлөр ушундай маалым кат бар дешсе, алар айтса демек бар экен деп, алардын суроосуна «ооба» деп жооп берип коюшум мүмкүн. Мен соттук отурумдар мынчалык келесоолук деңгээлге чейин жетерин билгенде адистер менен сүйлөшүп тактап, даярданып алмакмын”, — деп кошумчалады Салянова. Чындыгында кайсы бир учурдагы окуялар ийне-жибине дейре башка учурда эске түшө бербесин жана Саляновага карата бийлик тарабынан бир нече жылдан бери басым жасалып келе жатканын эске алганда анын чындыгы чыркырап жатпайбы. Деги кулсезим соттор адамды эмнеге гана алпарышмай болуп алышты…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: