Menu

Трамптын адвокаты Кремль менен кутумга барбаганын билдирди

Бөлүшүү:

АКШ Сенатынын чалгындоо комитети президент Дональд Трамптын адвокаты Майкл Коэн менен жабык жолугушууну өткөрбөй турган болду. Ал жакынкы убактарда ачык угууларга чакырылат. 19-сентябрда адвокат Дональд Трамп дагы, ал өзү дагы былтыркы президенттик шайлоонун алдында Москва менен кутумга барбаганын билдирген. Мындан соң ал Сенатка барган, бирок анда жолугушуудан баш тартышкан.

Сенаторлор Коэн менен болгон макулдашууга ылайык, ал чалгын комитетиндеги жолугушууга чейин маалымат каражаттарына билдирүү жасабашы керектигин белгилешти. Августта Коэн Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысына кайрылып, Москвада Trump Tower деп аталган көп кабатуу имаратты тургузууга жардам берүүсүн өтүнгөндүгү белгилүү болгон. Кат Дмитрий Песковдун электрондук почтасына 2016-жылы январда жөнөтүлүп, жоопсуз калган. Мындай маалыматтар Дональд Трамптын шайлоо алдындагы штабынын Кремль менен кутумга баруу ыктымалдыгын иликтеп жаткан Конгресске келип түшкөн документтерден улам белгилүү болгон.

Коэн Трамптын дарегине айтылган айыптоолорду анын президенттигинин абройун төмөндөтүү аракети деп атады. Москва Кошмо Штаттардын ички саясатына таасир этүүгө аракет кылганын бир канча жолу четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: