«Кыргызстан» партиясынын «капчыгы» Шаршенбек Абдыкеримов бийликти жата калып колдогону менен эртеңки келечеги үчүн Өмүрбек Бабанов тарапка ишенимдүү кишилерин салып, акыры-ын сүйлөштүрүү менен купуя пландарын түзгөнү жалганбы? Мындай бай-манапта кайдагы принцип? Күч кайда оосо ошол жакка ыктайт эмеспи? Убагында Шаки Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин бийлигине кызмат кылса, кийин азыркы бийликтин чачпагын көтөрүп жүрү. Буга чейинкилерди баарын саткан пенде бүгүнкү бийликке жөн эле «суу куюп» кетсе керек, ыя? Ойноок бала эле жаш кезинен, аттиң, ошонусу калбаптыр да-а…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ