Menu

Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушту

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев 20-сентябрда БУУнун Генералдык ассамблеясынын 72-сессиясына катышуунун  алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун  алдында Мамлекет башчысы  БУУнун штаб квартирасындагы ардактуу меймандар китебине жазуу калтырды.

Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда кызматташууну чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутеррешти  “Достук” ордени менен сыйлады.

Мамлекет башчысы БУУнун системасын жана жекече  Башкы катчыны  өлкөгө колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Антониу Гутерреш  Кыргызстанга жасаган сапарын  жылуулук менен эскерип,  дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө мисал боло алган, көп аспектилерде БУУнун маанилүү өнөктөшү болгон өлкө менен мамилени БУУ жогору бааларын белгиледи. БУУнун Башкы катчысы  Кыргызстандын ак илбирсти сактоо боюнча Дүйнөлүк форум өткөрүү жана санариптик трансформациянын “Таза коом” улуттук программасы сыяктуу демилгелерин белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын БУУнун системасы менен  кызматташуусунун маселелери талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: