Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы эл аралык 31 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.
Индонезия Республикасынын Башкы шайлоо комиссиясынан жана КМШ Миссиясынан өкүлдөр эл аралык байкоочу каттарында аккредитациядан өтүштү. Бардыгы болуп эл аралык 31 байкоочу.
2017-жылдын 20-сентябрына карата КР Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 38 мамлекетинен 203 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулардын толук тизмеси менен ушул шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ