Бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаарындагы Достук мейманканасынын жыйындар залында «Аялдардын коомдогу жана Исламдагы орду» аттуу семинары өтүүдө. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Семинарга КРнын Президенттик Аппратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Санжар Тажыматов, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов жана “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков катышууда.
Семинар 2014-жылдын 7-февралында “Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңешинин Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык коомдогу түрдүү коркунучтардын (радикал-экстремисттик идея, топтордун жайылышын) алдын алуу максатында өтүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ