Күн өткөн сайын Бабановго оогон карт саясатчылардын катары калыңдап баратканы эмнени каңкуулайт? Маселен, Үсөн Сыдыков, Досбол Нур уулу, Абдыганы Эркебаев, Эмил Узакбаев ж.б. түштүктүк эски бийликтин өкүлдөрү баш көтөрүшкөнү, о.э. түндүк катмардан да аксакалдар кошулууга «тон бычып» атышканын эшиттик. Мына ушундай жагдайда БӨТтү колдогон айрым жаштардын кедеринен кеткенине не дейбиз? Айталы, Бакыт Сыдыков жайды жайлай түштүктө «РАЖдын» жергиликтүү шайлоолорун камсыздоого белсенип, бирок ийгиликсиз кайтканына күбө болдук. Ошол эле Кара-Суу шаардык кеңеши мисал болот. Таңгаласың, Бакыттын каржылык ресурсу, колунда мандаты болуп туруп, өзүнүн аймагынан жарытылуу добуш ала албай, бүт баарына уят болуп, шылкыйып кайтты. Мындай чабал жан-жөөкөрдүн кимге кереги бар? Бүгүн болбосо эртең Б.Сыдыковдон оомат тайып, учурда минип отурган мандатынан куржалак калып калбайбы?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ