Menu

Ташиев келечекте Бабановдон өч алуу үчүн бийлик талапкерине өттүбү?

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусундагы электораты менен жолугушуп, мурдагы кетирген катачылыктарды кайталабоо үчүн карманып, шайлоодо Сооронбай Жээнбековду жапатырмак тарапташтары менен колдоого батыл киришкендей. Негизи Камчыке чоң саясатта канчалык катачылык кетирсе деле аны көпчүлүк түшүнүп, кайрадан эле бурула беришкени, негизи өзүндө элди тарта турган бир сыйкыры бар экени байкалат эй!

Аламан жарышта Сокеге арка-бел болуп, аны президент кылуу менен Өмүрбек Бабановдон өч алууга шымалана киришкенин жакындары саймедирешүүдө. Эске салсак, Ташиев 2015-жылы «Республика – Ата Журт» партиясынын теңтөрагасы катары парламенттик шайлоого аттанып, марага жетпей жарыштан четгетилип калган. Ошол кезде каршылаш «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын активистине «какыс-кукус» кыла коюп, кылмыш иши козголуп, ызасы ичинде калган беле? Бирок, бул боюнча Бабановду күнөөлөгөнү туура эмес, балээнин баары өзүнүн кызуу кандуу, бала кыял мүнөзүнөн болгон да. Же ачыкка чыкпаган башка да кеги ичинде калды беле?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: