Menu

40 миллионго жакын адам кулчулукка кабылган

Бөлүшүү:

Дүйнөдө 2016-жылы 40 миллионго жакын киши кулчулукка кабылган. Андан сырткары 152 миллион бала иштөөгө мажбурланган.

Адам сатууну алдын алуу боюнча Таласта тогуз жылдан бери иш жүргүзүп жаткан «Айкөл» коомдук бирикмесинин маалыматына караганда, Таласта мындай окуяга кабылгандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Маселен, 2008-жылы бир жылда эки адам сатылып кеткенин айтып аталган бирикмеге кайрылса, 2016-жылы 168 адам арызданган. Ал эми быйылкы жыл башынан бери бул сан 200дөн ашканын «Айкөл» бирикмесинин жетекчиси Гулмира Темирбекова маалымдады. Адистер көпчүлүк жарандар өз укугун билбегендикген шылуундардын курмандыгы болорун айтып келет. Эркектер оор жумуштарга тартылса, аялдар сойкулук менен алектенүүгө мажбур болушат. Расмий маалымат боюнча Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында 5000 адам кулчулукка кабылган. Өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылса, алардын тең жарымы кыз-келиндер.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: