Menu

Видео – Анжиянда мугалим окуучуларга наалат айтты

Бөлүшүү:

Анжияндагы орто мектептердин биринин мугалими сабак маалында эки окуучуга наалат айтты. Окуяны жашыруун түрдө уюлдук телефонго тартып алган окуучулардын бири тасманы «Азаттыктын» өзбек кызматына жөнөткөн.

 Тасмада орто мектептин мугалими эки окуучуну урушуп, аларды каргап жатканы жазылган: «Силерди Аллах жазаласын! Бутуңар шал болуп, кесип салышса экен! Экөөңөр тең мектепке жете албай калгыла!!! Өлүп кеткиле! Бул өтө жаман каргыш! Силерди Аллах жазаласын! Мени чыр киши деп айткыдай мен силерге эмне кылдым?! Ылайым өспөй, окууга өтпөй калсаңар экен», – деген мугалим.

Азырынча мугалимди мындайга жеткиргидей балдардын эмне кылганы белгисиз. Ал бул боюнча комментарий алуу үчүн кайрылган «Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчысына: «Андай маалыматты кайдан алдыңар? Далилиңер барбы?», — деп окуяны четке каккан. Бирок тартылган тасманы көргөндөн кийин балдарды урбаганын жана тилдебегенин билдирди. «Алардын көзүнөн бир дагы тамчы жаш чыккан жок. Ал эмне, коркконунан эс-учун жоготуп жыгылып калдыбы же мурду канадыбы? Көрдүңөрбү, бул менин жакшы ишимдин жыйынтыгы”, – деген ал.

https://www.youtube.com/watch?v=CC7TD1mr8-8&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: