Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Буюрса, кызыктын баары али алдыда”

Бөлүшүү:

– Эдил мырза, акыркы күндөрү социалдык тармактарда эл сүймөнчүгүнө айландыңыз, «Лигласс» фирмасынан элди куткардыңыз. Биз дагы куттуктайбыз! Өкмөт келишимди жокко чыгарды. Эки айдан бери сиз айткандай эле чехтер төлөй алышкан жок. Ыраазысызбы? Эми эмки кадам эмнеде?-

– Биринчиден, сиздерге рахмат. Ушул маселени байма-бай гезитиңерге чагылдырып турдуңар. Эртеби-кечпи келишим жокко чыгарылары белгилүү эле иш болчу. Азыр маселе өкмөттүн жоопкерчилигинде. Булар өздөрүн «технократ» деп аташпады беле? Менин оюмча, аларды биз «технокрад» деп айтышыбыз керек. «Технично крадут» деген мааниде. Болбосо, ойлоп көрсөңүз, кантип ушулар айнек, шуру саткычтарга ишеништи? Өмүрүндө тегирмен салбагандарга бир ГЭС эмес, он экини берип коюшту го. Чех прессасы ызы-чуу көтөрбөгөндө, Папан, Кировка, Орто-Токой суу сактагычтары, Ысык-Көлүбүздүн айтылуу Григорьев коктусу, Көкөмерен дарыясы, Базар-Коргондун Кара-Суусу – баардыгы ушул шүмшүктөрдүн мүлкү болуп калмак экен. Азыркылар өкмөттө калышса, бизге душмандын кереги жок. Мен башынан эле «бул шалаакылыкпы же чыккынчылыкпы?» деп суроо берип келетам. Бул Жогорку Нарын каскады боюнча жаңылык дүйнөлүк прессага чыгып кеткен үчүн эле чоң резонанс жаратты. Болбосо биз шайлоого алаксып, жайдын ысык күнүндө байкамак эмеспиз, мекенибиздин эң чоң стратегиялык байлыктарынан ажыраганыбызды. Эми бул жигиттерге мен таң калам, беттери кызарып да койгон жок. Эч нерсе болбогонсуп эле, кечээ күнү «биз Камбар-Атага инвестор таптык» деп жарыялап атышат. Буларга саясый бааны элибиз бериши керек. Шайлоодо айдап чыгышыбыз керек. Менин эсимде, 2013-жылкы шайлоодо булардын партиясы «биз Камбар-Атаны куруп атабыз, Жогорку Нарынды куруп койдук» деген ураан менен чыгышкан. Мына эмесе, азыр элибизди сызга отургузуп коюшту! Бир дагы ГЭС курулбаганы аз келгенсип, биз жөн жерден 37 миллион доллар карыз болуп калдык. Бул курс менен жолду уласак, жети жылдын ичинде Тажикстандан эле кандай артта калдык эле, эми тээтиги Бангладешке эле окшоп калабыз. Экинчиден, Сапар Исаков азыр «Лигласс» фирмасы менен өзү катуу уят болгонунан, актаныш үчүн «биз эч нерсе уттурган жокпуз, тескеринче, бир миллион доллар таптык» деп атат. Бул карандай калп. «Ууру» ошентип мактанат. Ал акчаны алууга эч кандай легалдуу негиз жок. Ал тендердин жобосу менен которулган. Бир дагы келишимде ал акча боюнча сөз болгон эмес. Булар эми эл аралык инвесторлорду толук жолоткус кылмай болушту. «Бул акчаны алам» деп атышып, миллиарддаган доллар инвестицияларды качырабыз. Ошондуктан, окуя дагы аягына чыга элек. Буюрса, кызыктын баары али алдыда. Жогорку Кеңеш сөзсүз комиссия түзүп, терең иликтеп чыгышы керек.

– Шайлоо шарапаты кызык өтүп атат, кандай баалап атасыз?

– Бул шайлоодо эң чоң жаңылык – Фейсбук аркылуу эле бардык шайлоо митингдерине өзүбүз катышкандай болуп атабыз түз эфир аркылуу. Мына «Кара жашикке» кайра айланган КТРК деле берсе болмок. Байма-бай маалыматка сугарышыбыз керек шайлоочуларды, жалпы элибизди. Анан ошондо сапаттуу тандоо болот. Буюрса, шайлообуз мыкты өтүшү керек. Энң негизгиси, шайлоо күнү добуш берүү тынч, коркутуу, зордук-зомбулугу жок өтсө экен. Добуштар так жана ачык эсептелсин. Ошондо гана баардыгыбыз жаңы шайланган президентке баш ийип беребиз. Бирок, кимде-ким кандайдыр бир мыйзамсыздыкты пландаштырып атса, билип коюшсун, биз эркиндигибиз үчүн эбегейсиз кымбат бааны төлөгөнбүз! Биз элдин жеңишин уурдатпайбыз жана коргоп алабыз! Жаштар ага жол бербейт!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: