Дональд Трамптын Республикалык партиядан расмий талапкер катары каттоодон өтөрүнө эки жума калганда анын шайлоо штабынын жетекчиси Пол Манафорт орусиялык миллиардер Олег Дерипаска менен байланышып, ага шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү тууралуу маалыматтарды берип турууга даяр экенин айткан. Бул тууралуу шаршемби кечинде The Washington Post гезити жазды.
Манафорт менен Кремлге жакын олигарх Дерипаска кезинде бизнес-өнөктөштөр болушкан.
Манафорттун жазган электрондук каттары – он миңдеген документтен турган досьенин бир бөлүгү. Учурда каттар өткөн жылкы президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсүн иликтеп жаткан атайын прокурор Роберт Мюллердин колунда.
The Washington Post басылмасы белгилегендей, азырынча Манафорттун сунушу Дерипаскага чейин жеткен-жетпегендиги же алардын ортосунда кандайдыр бир брифингдердин болгон-болбогондугу тууралуу маалыматтар жок. Анткен менен тергөөчүлөр Дерипаскага жолдонгон сунуштун өзү эле Манафорттун Трампка жакындыгынан пайда көрүүгө аракет кылгандыгын далилдеп, Орусияга АКШдагы шайлоо жараянына түздөн-түз таасир этүү мүмкүндүгүн бермек деп эсептешүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ