Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ри Йонг Хо АКШ президенти Дональд Траптын БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүн “иттин үргөнүнө” салыштырды. Кошмо Штаттардын лидери Түндүк Кореяны толугу менен жок кылууга кудурети жетерин эскерткен.
Ри Йонг Хо Трамптын айткандарын “иттин үргөнүнө” салыштырды.
Түндүк Кореянын ТИМ башчысы Нью-Йоркто БУУнун башкы кеңсесинин жанындагы мейманкананын алдында журналисттерге маек берип жатып: “Ит үрсө дагы парад улана берет” деген корей макалын эске салды. “Эгер (Трамп) иттин үргөнү менен таң калтыргысы келсе, ал кыялданыптыр”, –деди дипломат.
Пхеньян 3-сентябрда бул жыл ичиндеги алтынчы жана эң кубаттуу өзөктүк сыноосун өткөргөн. Эки баллистикалык ракетасы Жапониянын үстүнөн учкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ